Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.
Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна барып, инфраструктуранын учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан даярдоо иштери менен таанышты. Ысык-Көл районунун Бает айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы «UIM F1H2O – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл 2026» эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүүнү текшерди. Ага уюштуруу иштери жана зарыл инфраструктураны даярдоо боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барып, «Гольф Резорт Ысык-Көл» комплексин куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Чолпон-Атадагы Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (Ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышты.
Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.
Адылбек Касымалиев объекттерге баргандан кийин, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алуу, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.