Ысык-Көлдө жана Бишкекте дрондордун учушуна убактылуу чектөө киргизилди
Новость

 Ысык-Көл жана Чүй облустары жана Бишкек шаарында дрондордун учуусу убактылуу чектелет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда эл аралык иш-чараларга байланыштуу учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы багыттагы авиациянын аба кемелеринин учууларын аткарууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Убактылуу чектөөлөр киргизилген күндөр:

2026-жылдын 27-июлунан 3-августуна чейин - Ысык-Көл облусунун түндүк жээгинде;
2026-жылдын 27-августунан 10-сентябрына чейин - Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда;
2026-жылдын 10-сентябрынан 15-сентябрына чейин - Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында.