Бишкек шаарынын Түштүк-пландоо зонасында 900 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Объекттин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 7 000 чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган.
Учурда курулуш аянтчасында 150дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө. Имараттын чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп, биринчи жана экинчи кабаттардагы ички шыбак иштери дээрлик аяктады.
Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынып, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана курулуш нормаларынын сакталышы үзгүлтүксүз текшерилүүдө.