УТРК Нарын телерадиокомпаниясынын жаңы имаратына капсула салынды
Новость

УТРК Нарын облустук телерадиокомпаниясынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бүгүн, 29-июлда  имараттын курулушуна КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мезгил кутусун салып, курулушка старт берди.

Салтанатка УТРКнын башкы директору Уланбек Сатиев, облустук, шаардык бийлик өкүлдөрү, УТРК Нарын жамааты жана ардагерлери катышты. 

Алгач УТРК Нарын облустук телерадиокомпаниясынын директору Каныкей Жунусова телевидениенин тарыхы тууралуу жана жаңы имараттын курулушу тууралуу маалымат берип, жамаат бул күндү 33 жыл күткөнүн, бул кубаныч жалпы теңиртоолуктардын кубанычы экенин белгилеп өттү. Ошондой эле тоо койнундагы жалгыз телевидение үчүн жаңы имарат куруп берип жаткан өлкө жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. 

Жер төлөсү менен төрт кабат болуп салына турган  имаратта бардык заманбап шарттар каралган.  Бул үчүн Президенттин турукташтыруу фондусунан 93 миллион 547 миң сом каралып, бул каражатка заманбап студия, журналисттердин иш бөлмөлөрү эмеректер менен жабдылат. 

Нарын облусундагы жалгыз телевидение 1952-жылы фин тибинде курулган имаратта  1998-жылдан бери  иш жүргүзүп келет. Курулганына 74 жыл болгон имарат авариялык абалда болгонуна карабастан жамаат жыл сайын утурумдук оңдоодон өткөрүп, облус калкын маалымат менен камсыздоодо.  Кабарчылар тар бөлмөлөрдө иштеп, чатырынан тамчы тамгандыктан телевидение талаптагыдай  иш жүргүзгөнгө ылайыктуу эмес.

Нарын облустук телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүлөрү 1993-жылы февраль айынан  баштап чыккан. 1998-жылдан баштап Нарын облустук теле көрсөтүүсү тарабынан даярдалган программалар КТР аркылуу мезгил-мезгили менен  жарым сааттан республикалык эфирден берилип турган . Азыркы учурда Нарын облустук телерадиокомпаниясы толугу менен Улуттук телерадио корпорациясынын курамында иш жүргүзүп келет.