Президент Садыр Жапаров Астанага жумушчу сапар менен барат
Новость

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда, Казакстандын борбору Астана шаарына жумушчу сапар менен барат.

Мамлекет башчысы «Келечек оюндары - 2026» эл аралык мультиспорттук турниринин расмий ачылыш аземине катышат. Ачылыш аземине ошондой эле Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышары күтүлүүдө. 

«Келечек оюндары - 2026» турнири 29-июлдан 9-августка чейин Астана шаарында өтөт. Мелдешке 800дөн ашуун спортчу катышып, алар фиджитал форматындагы бир катар дисциплиналар боюнча күч сынашат.