"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына(мындан ары – Мыйзам) кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты сурдлимпиадалык кыймылды өнүктүрүүгө, жарандарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартууну кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүдө көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу менен катар, курама команданын курамына алардын ишин эмгек стажына киргизүү аркылуу спортсмендерге кошумча социалдык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу болуп саналат.   

Атап айтканда, Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулуп жаткан негизги түшүнүктөр оптималдаштырылууда жана актуалдаштырылууда, анын ичинде «Сурдлимпиадалык оюндар» жана «киберспорт» институттары белгиленүүдө;

– дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спорт түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды аккредитациялоону жүзөгө ашырат;

– спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

– спорттук иш-чараларды уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилик тартат;

– спортчунун Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамындагы болгон убактысы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эмгек стажына эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.