Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда, Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарына келди.
Мамлекет башчысын Астана шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Мамлекет башчысы мелдештер өтө турган спорттук объектилерге барып, алардын иши менен таанышат.







