Бүгүн, 30-июлдан баштап 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз катчысы Аскат Алагозов жарыялады.
"Себеби ушул күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.
Мындан сырткары, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген. Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз. Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм", - деп айтылат билдирүүдө.