"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы укуктук карама-каршылыктарды жана боштуктарды, иш жүзүндө колдонулбай, актуалдуулугун жоготкон ченемдерди жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында белгиленген шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын унификациялоо болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– «округдук шайлоо комиссиялары» түшүнүгү менен толуктоо жана аларды шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына киргизүү;

– округдук шайлоо комиссияларынын укуктук статусун, ишин жана аларды түзүү жана таркатуутартибин жөнгө салуучу жоболорду киргизүү;

– «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде аныкталган аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө тиешелүү болгон укуктук статусту округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жайылтуу;

– укуктук карама-каршылыктарды четтетүүгө жана редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган өзгөртүүлөр. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.