Баткен облусунда чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйноо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Кадамжай районунда Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйнап жаткан 3 жаран аныкталды.
Мыйзам бузган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы 16 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Андан сырткары, иш чаарынын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жаран да аныкталып, ага укук бузуу Кодексине ылайык айып пул салынган.
Министрлик чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйноо жаратылыш экосистемаларына зыян келтирип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.