Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Горький көчөсү 72, 72а жана Гвардия көчөсү 13, 13а даректериндеги 10 кабаттуу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна текшерүү жүргүзүлдү.
Буга чейин аталган объект боюнча “Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө” буйрук күчүн жоготконуна байланыштуу архитектуралык-уруксат берүүчү документтер кайра алынган. Ошондой эле курулуш иштерин токтотуу жөнүндө расмий билдирүү берилген. Бирок текшерүү учурунда коюлган талаптарга карабастан, объектте курулуш-монтаждоо иштери уланып жатканы аныкталган.
Мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарапка 213 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине тиешелүү кат жөнөтүлгөн.
2026-жылдын 13-июлундагы контролдук текшерүүдө да курулуш иштеринин токтотулбаганы аныкталган.
Жыйынтыгында, мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы үчүн “Император Строй” ЖЧКсын Курулуш министрлигинин кара тизмесине киргизүү жана курулуш лицензиясын токтотуу боюнча министрликке сунуш кат жөнөтүлдү.

