"Жыргалаң" курортунда ШКУ саммитинин алкагында эл аралык медиа-тур уюштурулду
Новость

Ысык-Көл облусундагы «Жыргалаң» тоо-лыжа курортунда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун саммитинин алкагында эл аралык медиа-тур өттү.

Иш-чара 2026-жылдын 29-июлунда «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо кластери жана «Жыргалаң» тоо-лыжа курортунун аймагында уюштурулуп, ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген журналисттер катышты.

Медиа-турдун негизги максаты – Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан мамлекеттик маанидеги «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо кластери долбоорунун жүрүшү менен ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тааныштыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов долбоордун өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүдөгү маанисине токтолуп, анын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Катышуучуларга долбоордун ишке ашырылышы, учурдагы курулуш этаптары жана келечектеги өнүгүү пландары тууралуу видеороликтер жана презентация сунушталды.

Ошондой эле медиа-турдун катышуучулары жаңы асма аркан жолунда саякат жасап, курулуп жаткан курорттун негизги инфраструктуралык объектилери менен жеринен таанышышты.

Уюштуруучулардын белгилешинче, мындай эл аралык медиа-турлар Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк аудиторияга таанытууга, өлкөнүн инвестициялык жана туристтик потенциалын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.