Лейлекте көмүр казуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 201 миллион сомдон ашык зыян келтирилген
Новость

Ош экологиялык прокуратурасы Баткен облусунун Лейлек районундагы токой чарбасынын аймагында көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугун текшерип, ири мыйзам бузууларды аныктады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убагында токтотууга жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү болгонуна карабастан, кызматтык ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарбай, айрым ишканалардын мыйзамсыз иш алып баруусуна шарт түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "К-А" жана "К-А П" ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн жер тилкелеринен сырткары 100 миң 519 чарчы метр токой жеринин кыртышын мыйзамсыз бузуп, 739 миң 494 куб метр өндүрүш калдыктарын төккөнү, ошондой эле жаратылышты пайдалануу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөгөнү аныкталган.

Мунун кесепетинен токой жерлерине 66 млн 342 миң 540 сом өлчөмүндө зыян келтирилип, мамлекеттик бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы келтирилген зыян 201 млн 556 миң 993 сомду түзгөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренеси ("Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.