Кыргызстандын энергетика тутумунда абал туруктуу. 2026-жылдын 30-июлуна карата электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн суткада өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 46,9 млн кВт•саатты түздү.
Учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
Керектөөчүлөр оңдоо иштеринин графиги менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайты жана «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.
Энергетиктер жарандарды, айрыкча электр энергиясы эң көп колдонулган сааттарда, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырышты. Бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүнө жардам берет.