Бишкек шаарынын мэриясы жаңы үйлөнгөн жаш жубайларды «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» экологиялык долбооруна катышууга чакырат.
Долбоордун алкагында жаш үй-бүлөлөр үй-бүлөнүн түптөлүшүн символдоштурган бак отургузуп, жаңы салттын башатын түптөй алышат.
Долбоордун негизги максаты — борбор калааны жашылдандыруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана шаар тургундарынын экологиялык маданиятын өнүктүрүү. Ар бир отургузулган бак жаңы үй-бүлөнүн символу болуп, Бишкекти жашыл жана ыңгайлуу шаарга айлантууга кошкон салым катары бааланат.
Катышууну каалаган жубайлар https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз калтырып, бак отургузуучу аймакты тандап, керектүү маалыматтарды толтурушу керек. Каттоодон өткөндөн кийин долбоордун уюштуруучулары иш-чараны өткөрүү боюнча катышуучулар менен байланышат.
Жаш жубайлар өздөрү даярдаган көчөттү да алып келип отургуза алышат. Бирок көчөт белгиленген талаптарга жооп берип, алдын ала «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери менен макулдашылышы зарыл.
Кошумча маалымат алуу жана көчөттөрдү макулдашуу үчүн сайт аркылуу кайрылууга же 0880 005 123 номерине байланышууга болот.
Бишкек мэриясы жаш үй-бүлөлөрдү шаарды жашылдандырууга багытталган бул демилгеге активдүү катышууга чакырат. Отурулган ар бир бак жылдар бою үй-бүлөнүн өзгөчө эстелиги жана Бишкектин көркүнө көрк кошкон жашыл мурас болуп калат.