Бүгүн, 30-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге анын мамлекеттик сапарынын алкагында Манас орденин тапшырды.
Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка салым кошону үчүн Өзбекстандын президентине ыраазылык билдирди.
"Жаңы аймактык чөйрөнү калыптандыруудагы өзгөчө ролуңузду, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон олуттуу салымыңызды баса белгилеп кетким келет.
Мен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – "Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алдым.
Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизди бул жогорку мамлекеттик сыйлык менен куттуктайм. Мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм", - деди мамлекет башчы.
Андан соң Өзбекстандын президентине "Манас" орденин тапшырды.
"Бул мен үчүн тарыхый күн. Буга биз көп жылдар бою келдик. Бул жолдун канчалык узак болгонун аналитиктер жакшы билишет. Сиз президенттик кызматка киришкенден кийин эле мен элин сүйгөн лидер келгенин түшүндүм. Албетте, бардык маселелерди чечүү оңой болгон жок. Бирок бүгүн биздин биргелешкен чечимдерибиздин аркасында тарыхый күнгө күбө болуп турабыз. Биз көптөгөн этаптардан өттүк, эми чыныгы жыйынтыкка жеттик. Чындыгында биз союздаш мамлекеттербиз. Муну элге көрсөтүшүбүз керек. Биз жетишкен ийгиликтерди элибиз көрүшү зарыл", - деди Мирзиёев.