Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев 30-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.

Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын бетме-бет форматындагы сүйлөшүүлөрүн өткөрүү, ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин Үчүнчү жыйынын өткөрүү пландалууда.

Азербайжан Республикасынын Президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.