КРнын МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын энергетика министринин жаңы орун басарлары дайындалды.
Жаңы дайындоого ылайык, министрдин орун басарлары болуп Бекнур Маратбекович Маратбеков жана Мирлан Абдивалиевич Парханов дайындалды.
Бекнур Маратбеков Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Экономика факультетин «Электр энергетика ишканаларында экономика жана башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.
Ал эми Мирлан Парханов 2006–2011-жылдары В.С. Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университетинде «Менеджмент жана башкаруу» адистиги боюнча билим алган. 2019–2021-жылдары Казы Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон.
Министрликтен белгилешкендей, жаңы жетекчилер энергетика тармагында жана мамлекеттик башкаруу системасында кесиптик тажрыйбага ээ. Алардын ишмердиги Энергетика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, өлкөнүн энергетикалык комплексинин туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылууга, ошондой эле тармакты өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык милдеттерди ишке ашырууга багытталат.