2026-жылдын 30-июлунда - Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.







