Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Ысык-Көл облусунда эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун ачылыш аземине катышты
Новость

30-июлда, Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.