Кыргыз Республикасына Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов келди
Новость

Ысык-Көл, 2026-жылдын 31-июлу - Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. 


«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.