Бүгүн Ысык-Көлдө суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты старт алат
Новость

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көлдө суудагы Формула-1 (UIM F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабы расмий түрдө башталат. Кыргызстан өз тарыхында алгач ирет мындай ири эл аралык спорттук мелдешти кабыл алууда.

Чемпионатка 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, 20 эл аралык команда жана дүйнөнүн мыкты 20 пилоту катышат. Иш-чарага 25 миңге жакын конок келери күтүлүүдө.

Мелдештер 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл облусунун Бает айылында өтөт. Бул үчүн 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап эл аралык деңгээлдеги атайын аянтча даярдалган