Садыр Жапаров Ильхам Алиевди "Манас" ордени менен сыйлады
Новость

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды. 

Мамлекет башчы Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууда Ильхам Алиевдин салымы чоң экенин белгиледи.

"Азербайжандын Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жыйындарына катышуусу соода-экономикалык, транспорт жана энергетика тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 

Эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымыңыз сый-урматка татыктуу", - деди Садыр Жапаров.