Мирзиёев: Борбор Азия жаңы өнүгүү баскычына чыгып жатат
Новость

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мурда ар кимиси өз-өзүнчө өнүгүп келген Борбор Азия өлкөлөрү бүгүн жалпы максаттардын айланасында биригип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Азербайжандын бул форматка кошулушу кызматташтыкты жаңы макроаймактык деңгээлге чыгарып, Борбор Азияны, Түштүк Кавказды жана Афганстанды камтыган бирдиктүү өнүгүү мейкиндигин түзүүгө шарт түзөт.

Мирзиёев ошондой эле аймак билим берүү, илим жана инновация тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү борборго айланышы керектигин айтты. Мындан тышкары, ал климаттын өзгөрүшү жана аптаптуу ысыктын экономикага жана калктын саламаттыгына тийгизген таасирине каршы биргелешип аракет көрүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда билдирди.