Балыкчы - Нарын - Торугарт унаа жолунда тазалоо иши жүрүүдө. Унаа жол бир тараптуу ачык
Новость

Балыкчы - Нарын - Торугарт унаа жолунда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда атайын техникалар жолду тазалап, коопсуз кыймылды камсыздоо боюнча иштерди аткарууда.

Буга байланыштуу унаа жолу убактылуу бир тараптуу режимде ачык. Айдоочулардан жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу, ылдамдык режимин сактоо жана жолдо этият болуу өтүнүлөт.

Тазалоо иштери аяктагандан кийин жол кыймылы кадимки тартипте улантылары маалымдалды.