Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана мамлекеттик-укуктук системасы орду толгус оор жоготууга учурады.
Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты Конгантиев Камбаралы Ташполотович дүйнөдөн кайтты.
Ал 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган соң бүткүл өмүрүн өлкөдөгү мыйзамдуулукту чыңдоого, укук тартибин камсыздоого жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган.
Эмгек жолун прокуратура органдарында Ысык-Көл облустук прокуратурасынын тергөөчүсү болуп баштап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматына чейин көтөрүлгөн.
2005-жылы Камбаралы Конгантиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп шайланып, Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылдын ноябрынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматын ээлеген. Бул жылдары ал прокуратура органдарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн укуктук системасын өркүндөтүүгө жана укук тартибин камсыздоого олуттуу салым кошкон.
Кийинки жылдары Камбаралы Конгантиев мамлекеттик кызматтын жооптуу тармактарында эмгектенип, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматын аркалаган.
Мамлекет алдындагы көп жылдык үзүрлүү иши жана сиңирген эмгеги үчүн Камбаралы Конгантиев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наамына арзыган. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана I даражадагы «Петр Великий» коомдук ордени менен сыйланган.
Камбаралы Конгантиев кайсы гана кызматта иштебесин, өзүнүн терең билими, жогорку кесипкөйлүгү, мол тажрыйбасы, принциптүүлүгү, тандап алган кесибине берилгендиги, адамгерчилиги менен айырмаланган.
Камбаралы Ташполотович Конгантиевдин жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны урматтап-сыйлаган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алардын орду толгус оор кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, М.А. Сатыев, Э.Ж. Осконбаев, А.К. Койчиев, М.К. Асаналиев, А.Дж. Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д.Дж. Амангельдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, Б.Э. Торобаев, М.К. Алиев, Б.А. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С. Кадыралиев, А.О. Орозбеков, М.К. Укушов, Н.А. Сулайманкулов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, К.Т. Туманбаев, У.О. Ниязбеков, А.Дж. Джунушалиев, Б.Р. Зулпиев, С.С. Касмамбетов, М.М. Иманкулов, Э.Т. Аширбаев жана башкалар.