Өлкөдө бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Новость

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) алдын ала маалыматына ылайык, 2026-жылдын 24-июлунан 30-июлуна чейин өлкө аймагында 23 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу – 788;
  • Мас абалында унаа башкаруу – 395;
  • Автоунаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 240;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу – 803;
  • Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 793;
  • Автоээнбаштык – 25;
  • Белгиленген ылдамдыкты ашыруу – 1 500;
  • Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 10;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 461.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 164 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугу боюнча талаптарды так сактоого чакырып, жолдо өз ара сый-урматты жана жоопкерчиликти жогорулатууга үндөдү.