Бишкектин 3- жана 7-кичи райондорунда ичүүчү суу дээрлик 24 саатка токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү 4-август күнү саат 9:30дан 5-август саат 02:00гө чейин токтотулат.
Убактылуу чектөө диаметри 400 миллиметр болгон магистралдык суу түтүгүн алып салуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Суу өчүрүлгөн аймактагы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, ошондой эле социалдык жана башка объектилер убактылуу ичүүчү суусуз калат.
«Бишкекводоканал» шаар тургундарынан алдын ала керектүү көлөмдө суу камдап алууну өтүндү.