Көк-Жар айылындагы жаңы мектептин курулушу 75 пайызга аяктады
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында үстүбүздөгү жылдын февраль айында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, курулуш-монтаждоо жумуштары 75 пайызга аткарылды.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 600 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу мектеп имараты курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы жайгаштырылат.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана ар бир этабы Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында мындан тышкары дагы 19 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлор борбор калаадагы мектеп жетишсиздигин жоюуга жана балдардын заманбап шартта билим алуусуна багытталган.