Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылында өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга уруксат берилген окуу китептеринин расмий тизмегин сунуштады.
Тизмек окутуу жүргүзүлгөн тилдер боюнча өз-өзүнчө даярдалган. Ага төмөнкү багыттар кирет:
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептеринин тизмеги;
- окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептеринин тизмеги;
- окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептеринин тизмеги;
- окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептеринин тизмеги.
Министрлик билим берүү уюмдарына, педагогдорго жана ата-энелерге жаңы окуу жылында ушул расмий бекитилген окуу китептеринин тизмесин жетекчиликке алууну сунуштайт.
Окуу китептеринин толук тизмеси Агартуу министрлигинин расмий маалымат булактарында жеткиликтүү.