КРнын Улуттук банкы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган жаңы алтын коллекциялык монетаны 2026-жылдын 3-августунан тартып сатыкка чыгарды.
Коллекциялык монетанын баасы 99 миң 460 сомду түзөт. Аны Улуттук банктын кассаларынан иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот.
Монета атайын коргоочу кутучага салынып, сапатын тастыктаган сертификат менен кошо сунушталат.
Белгилей кетсек, бул коллекциялык монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ болуп саналат.