Омар Султанов Улуу Британиядагы Кыргызстандын Элчиси болуп дайындалды
Новость

Президенттин тиешелүү жарлыгына ылайык, Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Ошол эле жарлык менен Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү кадрдык чечим мамлекет башчысынын жарлыгынын негизинде кабыл алынды.