Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана ШКУ саммити учурунда Бишкекте фан-зоналар уюштурулат
Новость

2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында борбордук Ала-Тоо аянтында чоң фан-зона уюштурулат. Анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин түз эфирден көрүп, майрамдык маанайга күбө боло алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Ошондой эле фан-зонанын аймагында фуд-корт, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алууга ылайыкталган башка аянтчалар иштейт.

Мындан тышкары, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштурулат. Жалпысынан Бишкек шаарында 11 аянтча иштеп, анда шаар тургундары жана коноктору 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитин көрө алышат.