Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Каракол токой чарбасында текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылардын келишимдик талаптарды аткарбаганы белгилүү болуп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тогуз административдик протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, токойду коргоо жана жакшыртуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Каракол токой чарбасынын үч кызматкерине карата административдик чаралар көрүлүп, жалпы 62 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле Жергез токой бөлүмүнүн №2 кыдырмасында Тянь-Шань карагайынын мыйзамсыз кыйылган 42 дүмүрү аныкталды. Алардын ичинен 14ү өсүп турган карагайлар болсо, 28и шамалдан кулаган дарактар экени белгилүү болду.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын көлөмү 83 миң 262 сомду түзүп, мыйзамсыз ташылып кеткен жыгачтын жалпы көлөмү 18,02 куб метрге жеткен.
Инспекторлор токой чарбасынын кызматкерлерине №2 кыдырманын аймагында мыйзамсыз кыюу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү беришти.
Учурда текшерүүнүн бардык материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.