Муратбек Азымбакиев Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Азымбакиев Муратбек Абакирович Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.