Каракол шаарында эл аралык деңгээлдеги заманбап спорт комплексинин курулушу башталды
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянт жерге эл аралык деңгээлдеги заманбап спорт комплексинин курулушу жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттагы көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.

Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Жер казуу иштеринин негизги бөлүгү аяктап, пайдубал куруу жана монолиттүү темир-бетон конструкцияларын тургузууга даярдык көрүү иштери уланууда.

Долбоордун ишке ашырылышы спортчуларды даярдоо, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди уюштуруу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет. Курулуш-монтаждоо иштери «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.