2026-жылдын башынан бери 2,9 миллионго жакын окуу-усулдук комплекс басылып чыкты
Новость

2026-жылдын башынан тартып өлкө боюнча жалпы 2 миллион 945 миң 58 нуска окуу-усулдук комплекс басылып чыгарылды.

Басылып чыккан окуу китептеринин жана окуу материалдарынын арасында төмөнкүлөр бар:

Математика:

  • 3-класс — 696 миң нуска.

Табигый илимдер:

  • «Мен жана дүйнө» (3-класс) — 714 миң 48 нуска;
  • 5-класс (окуу китеби жана иш дептери) — 306 миң 360 нуска;
  • 6-класс — 667 миң 580 нуска;
  • 7-класс — 289 миң 930 нуска.

1-класстын окуучулары үчүн:

  • «Наристе Алиппе» — 90 миң 380 нуска;
  • «Жазуу жана боёо» — 90 миң 380 нуска;
  • «Алиппеге даярдык» — 90 миң 380 нуска.

Бул окуу-усулдук комплекстер жалпы билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына даярдоо алкагында басылып чыгарылып, мектептерге этап-этабы менен жеткирилүүдө.