VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн тимбилдинг өттү
Новость

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында 3-августта ыктыярчылар үчүн тимбилдинг иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чара  Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Ыктыярчылар штабынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, ыктыярчыларга кайрылуу жасады. Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүдө ыктыярчылардын салымы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, алардын жоопкерчиликтүү жана кесипкөй ишмердүүлүгү Кыргызстандын меймандостугун, уюштуруучулук дараметин жана эл аралык аброюн дүйнөгө таанытууга өбөлгө болорун айтты.

Тимбилдингдин негизги максаты — ыктыярчылардын командалык иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү, өз ара кызматташууну чыңдоо, лидерлик сапаттарын өркүндөтүү жана уюштуруучулук көндүмдөрүн бекемдөө болду.

Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун ыктыярчы катышты.

Программанын алкагында улуттук спорттун түрлөрү, интеллектуалдык оюндар, практикалык машыгуулар жана командалык тапшырмалар уюштурулду. Катышуучулар боз үй тигүү, кыргыз күрөшү, алыш бел боо күрөшү, кол күрөш, жаа атуу, аркан тартыш, таяк тартыш жана тогуз коргоол боюнча күч сынашты.

Мындан тышкары, Кыргыз Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуу өткөрсө, ЮНИСЕФ тарабынан интерактивдүү командалык машыгуулар уюштурулду.

Ошондой эле ыктыярчылар коопсуздук боюнча нускама алып, ар бир локацияда адистердин жана машыктыруучулардын жетекчилиги алдында практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Белгиленгендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ар түрдүү функционалдык багыттар боюнча кызмат өтөй турган ыктыярчылар даярдалууда. Алар оюндардын жүрүшүндө расмий делегацияларды жана чет өлкөлүк конокторду тосуп алуу, маалыматтык коштоо, логистикалык процесстерди уюштуруу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сыяктуу жооптуу милдеттерди аткарышат.