Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин түз эфирде көрсөтүү үчүн атайын чоң фан-аймак уюштурулат.
Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Түз эфир башталганга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Ошондой эле иш-чара өткөн аймакта тамак-аш түйүндөрү (фуд-корт), эс алуу жайлары уюштурулуп, келгендер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын төрт районунда дагы 10 фан-аймак ачылып, анда жарандар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУнун саммитин түз эфирден көрө алышат.