Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатын текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул ирет адистер Талас облусундагы Осмонкул унаа жолунда көчмө текшерүү жүргүзүп, асфальт-бетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрүн алышты.
Алынган үлгүлөр Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясына жөнөтүлдү. Анда адистер асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрүн аныктап, анын курулуш ченемдерине, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештигин комплекстүү лабораториялык сыноолор аркылуу баалашат.
Министрликтен билдиришкендей, мындай текшерүүлөр жол инфраструктурасынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле курулуш иштеринде белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган.