Интернетте Ат-Башы районунда картошка 5–6 сомдон сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Ат-Башыда жергиликтүү картошканын жаңы түшүмү азырынча толук быша элек. Учурда соода түйүндөрүндө негизинен Бишкектен ташылып келген картошка сатылууда.
Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, райондогу картошканын чекене баасы орточо 35–40 сомду түзөт. Ал эми социалдык тармактарда жана интернет булактарында тараган 5–6 сомдук баа тууралуу маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес.
Министрлик жарандарды такталбаган маалыматтарды жайылтпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.