Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда.
Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 197 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 45 пайызга аткарылды.
Долбоорго ылайык мектеп төрт блоктон турган эки кабаттуу имарат болот. Анда окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык заманбап шарттар түзүлүп, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгаштырылат. Мектептин жалпы аянты 3081 чарчы метрди түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылып жаткан иштердин сапаты туруктуу негизде текшерилүүдө.