Чоң-Кемин паркындагы фотокапкандар ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды тасмага тартты
Новость

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында орнотулган фотокапкандар сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды кайрадан кадрга түшүрдү.

Парктын егерлери менен илимий кызматкерлер Көк-Ойрок корук аймагындагы фотокапкандардан алынган маалыматтарды чогултушкан. Кадрларга Кыргызстандын Кызыл китебине кирген ак илбирс, ошондой эле сүлөөсүн, карышкыр, каман, тоо эчки, улар жана башка жапайы жаныбарлар менен канаттуулар түшкөн.

Адистердин айтымында, бул көрүнүштөр Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсү жакшы сакталып, аймактагы биологиялык ар түрдүүлүк жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу далилдейт.