1-октябрдан тарта эң аз пенсия 8 800 сомду түзөт
Новость

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тартып эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 8 миң 800 сомго жетет. Бул тууралуу МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки жылдары пенсиялар негизинен 200–500 сомдун тегерегинде көбөйүп келсе, быйылкы жогорулатуу кыйла олуттуу болот.

“1-октябрдан тартып минималдык пенсия 8 миң 800 сомду түзөт. Бул азыркы көрсөткүчтөн 1 миң 700 сомго жогору. Социалдык фондго түшкөн кирешелердин өсүшү пенсияларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатат”, - деди өкмөт башчысы.

Эске салсак, Кыргызстанда пенсия акыркы жолу 2025-жылдын 1-октябрында жогорулатылып, эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 100 сом болуп белгиленген.