Энергетика министри: Күз-кышка даярдык, ШКУ жана ДКОну электр менен камсыздоо күчөтүлөт
Новость

Бүгүн, 4-августта энергетика министри Алтынбек Рысбеков энергетикалык компаниялардын жетекчилери, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.

Жыйында энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы модели, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) иш-чараларын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо маселелери каралды.

Министр Алтынбек Рысбеков министрликтин жаңы жетекчилигинин алдында өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган стратегиялык милдеттер турганын белгилеп, тармакты ыкчам өнүктүрүү, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды түзүү, электр тармактарын жаңылоо, санариптик технологияларды киргизүү жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу негизги багыттар экенин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы модели сунушталып, жаңы энергетикалык объектилерди куруу, көмөк чордондорду жана электр берүү линияларын кеңейтүү, инфраструктураны модернизациялоо жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо боюнча милдеттер белгиленди.

Ошондой эле министр "Электр станциялары" ААК, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК жана "Чакан ГЭС" ААКнын жетекчилерине компанияларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдап берүүнү тапшырды. Алар жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо жана энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди камтыйт.

Жыйында ШКУ менен ДКОнун алкагындагы иш-чараларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Бул үчүн тиешелүү объектилер резервдик электр булактары жана заманбап башкаруу системалары менен жабдылып, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөрү белгиленди.

Жыйындын соңунда Алтынбек Рысбеков бардык түзүмдөрдүн жана энергетикалык компаниялардын жетекчилерине белгиленген тапшырмалардын аткарылышын күчөтүп, долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашырууну камсыздоону тапшырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, негизги максат – өлкөнүн калкын жана экономикасын туруктуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү жана эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды ишенимдүү энергетикалык камсыздоо болуп саналат.