Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына төлөнбөй калган эмгек акынын 4 млн 408 миң 972 сомун өндүрүп беришти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүлгөн эмгек акынын көлөмү 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Натыйжада көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8 пайызга азайган.
Ошондой эле өндүрүштүк жаракаттан келтирилген зыяндын ордун толтурууга төлөнгөн компенсациялардын көлөмү да кыскарган.
2026-жылдын алты айында кызматкерлерге 11 млн 380 миң 435 сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 58 млн 826 миң 346 сом болгон.
Министрликтин маалыматына ылайык, өндүрүштүк жаракат боюнча төлөнгөн компенсациялардын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 80,7 пайызга төмөндөгөн.