Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алды
Новость

МинКаб Төрагасынын орун басары  Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын кайрылууларын укту.

Кабыл алууда Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борборду курууга мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү маселесин көтөрдү. Буга байланыштуу министр тиешелүү түзүмдөргө мамлекеттик банктар менен биргеликте долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, Чоң-Алай районунун тургундары мал сатуу үчүн өткөрүп берүүчү базаны уюштурууга ылайыктуу жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Бул боюнча Эрлист Акунбеков Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын жетекчисине Кара-Суу районунун акими менен биргеликте ылайыктуу жер тилкесин аныктап, маселени мыйзам чегинде кароону тапшырды.