Нарын: Суткалык жөнгө салуу бассейнинин курулушунда мыйзам бузуу аныкталды
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында курулуп жаткан суткалык жөнгө салуу бассейнинин (БСР) курулушунда мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштери курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Техно-Центр» ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, курулуш ченемдерин жана техникалык регламенттердин талаптарын так сактоого чакырды.