Ак-Талаа районунда сел жүрдү
Новость

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында сел суулары 18 турак жайдын короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн тактоо иштеринин жүрүшүндө Кара-Бүргөн айыл аймагындагы «Шор» аталышындагы селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөнү аныкталган.

Натыйжада 18 турак жайдын короосун сел суулары аралап өтүп, анын ичинен эки үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Дагы беш турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Жеринде Кара-Бүргөн айыл аймагынан бир жүктөгүч техника, Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 12 куткаруучусу жана Жарандык коргонуу кызматтарынын 8 кызматкери иш алып барууда. Жалпысынан кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1 техника жана 20 кызматкер тартылган.