Июль айында "Бала ырысы" жөлөк пулу 191 миңден ашуун балага дайындалды
Новость

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды.

5-августта министрлик жөлөк пулдарды төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндөгү каражатты каржылады. Эми коммерциялык банктар каражаттарды алуучулардын эсептерине которууну баштайт.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулун дайындоого арыздарды кабыл алуу башталган.